www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Ош шаарында 2026-жылы курулган жолдордун сапаты текшерилди.
Текшерүү иштерин атайын комиссия жүргүзүп, ага министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын сыноо лабораториясынын адистери катышты.
Адистер жолдордун асфальтобетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрүн алышты. Үлгүлөр төмөнкү көчөлөрдөн алынды:
Он-Адыр көчөсү — 714 метр;
Имам-Ата көчөсү — 1000 метр;
Абдуллаев көчөсү — 600 метр;
Абакир уулу Төрөбек көчөсү — 800 метр;
Г. Айтиев көчөсү — 1400 метр;
Баялинов көчөсү — 500 метр;
Курманжан-Датка көчөсү — 2000 метр;
Ю. Төлөнов көчөсү — 2640 метр;
С. Абдувалиев көчөсү — 1160 метр.
Керн үлгүлөрүн алуу жол жабуусунун сапатын, асфальтобетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн жана бекемдигин аныктоо, ошондой эле анын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин текшерүү максатында жүргүзүлдү.
Алынган үлгүлөр лабораторияда контролдук сыноодон өткөрүлөт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жол жабуусунун сапатына баа берилип, тиешелүү корутунду даярдалат.