www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту мектепке чейинки билим берүү материалдарын иштеп чыгууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, тартылган эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө 12 миллион 663,5 миң сом бөлүү пландалууда.
Долбоор республикадагы бардык балдар үчүн инклюзивдик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын сапатын жогорулатууга багытталганы белгиленет.
Долбоордун багыттарынын бири — мектепке чейинки курактагы балдар үчүн сапаттуу жана заманбап окуу-методикалык материалдарды түзүү болуп саналат.
Бул багытты ишке ашыруу этап-этабы менен мамиле кылууну караган. Биринчи этапта мектепке чейинки билим берүүнүн колдонуудагы материалдарына функционалдык анализ жүргүзүлүп, анын негизинде аналитикалык маалыматтар алынган, кемчиликтер аныкталып, жаңы материалдарды түзүү боюнча сунуштар иштелип чыккан.
Экинчи этап мектепке чейинки билим берүү боюнча 300 жаңы окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгууну (жыл сайын 100дөн материал), аларды сыноодон өткөрүүнү жана басып чыгарууну карайт.
Экинчи этапка катышууга мектепке чейинки билим берүү жана гендердик сезимталдык тармагында кесиптик квалификациясы, иш тажрыйбасы, ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу тажрыйбасы бар адистер чакырылат.
Иш мөөнөтү: 2026-жылдын октябрынан 2027-жылдын мартына чейин.