www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын жетекчилиги менен биргеликте өткөрүлүп жаткан бул жолугушуулар шаардын ар кайсы аймактарында уюштурулууда. Кечээ Ош ШИИБдин башчысы милициянын полковниги Дамирбек Исаков Керме-Тоо жана Манас-Ата аймактык башкармалыктарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты. Жолугушуу учурунда коомдук коопсуздукту сактоо, укук жана мыйзам бузууларга байланышкан суроолор көтөрүлүп, шаардык милиция башчысы жарандардын суроолоруна жеринде ыкчам жооп берди. Айрым чечилиши убакытты талап кылган маселелер боюнча тиешелүү аймакты тейлеген милиция бөлүм башчыларына ыкчам чара көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууларга аймакты тейлеген бөлүм башчылар, аймактык тескөөчүлөр жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилиги да катышып, эл алдында аткарылган иштер боюнча отчет беришип, жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алышты. Милиция кызматкерлери өз сөздөрүндө бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди:үй-бүлөлүк зомбулуктар, киберкылмыштуулук, финансылык пирамидалар жана жол кырсыктары тууралуу айтып беришип, алдын алуу боюнча дагы кеп-кеңештерди айтып жатышат.

Милиция кызматкерлери өз баяндамаларында бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерге — үй-бүлөлүк зомбулук, киберкылмыштуулук, финансылык пирамидалар жана жол кырсыктарына — кеңири токтолуп, алардан сактануу жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындай жолугушуулар Ош шаарынын бардык аймактарында улантылмакчы.

 

Последние новости