www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарынын мэриясында шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана квартал башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 токтомуна ылайык, «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө» мыйзамынын алкагында көчмө координациялык кеңеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаныбек Исаков, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Равшанбек Сатыбалдыев, алдын алуу багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, ошондой эле КААБ мүчөлөрү, билим берүү мекемелеринин директорлору жана социалдык педагогдор катышты.

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер талкууланып, бул багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлуп, сунуштар берилди. Ошондой эле зомбулуктун алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү шаардык кеңештер тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлүп, милиция тарабынан тапшырмалар берилди.

 

Последние новости