www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Иш-чаранын алкагында Токмок көчөсү 59 дарегинде курулуп жаткан 3 кабаттуу соода борборунда курулуш эрежелеринин жана талаптарынын бузулганы аныкталды. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Сапат Хаус” ЖЧКсына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.

Министрлик курулуш компанияларга жана куруучуларга эскертет: бардык курулуш иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Мыйзам талаптары сакталбаса, министрлик тарабынан тийиштүү укуктук чаралар көрүлөт, жана бардык аракеттер ачык-айкын, мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

Последние новости