www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетке тараган видеону көрдүк. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова журналист кызды кабинетинен жулкулдатып сүйрөп, сыртка чыгарып атат.

Ушул кантип болсун? Мамлекеттик кызматтын этикасын бузганы, маданиятсыздыгын далилдегени менен уятка калды.

Деңгээлинин пастыгын көрсөттү. Эмне, келген журналист менен татынакай сүйлөшүп, сылык-сыпаа узатып койсо болбойт беле? Убактылуу мансапка манчыркап, алысты көрө албай мүмүрүлгөнүн карачы!

Негизи вице-мэр катары Венера Рыскулова кыйратып деле иштей албай, баскан-турганын сүрөткө тарттырып, жеңил пиар менен гана алек. Билими, тажрыйбасы деле жетишсиз. Көптүн бири сымал жүрөт.

Мындай жетекчилерден тез арада арылып, ишти ырааттуу алкакта бурбасак, аягы кейиштүү бүтөрү ажеп эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости