www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Ош шаарынын вице-мэри болуп Эмил Шадыханов дайындалды. Буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Маалыматка ылайык, Эмил Шадыханов 1969-жылдын 14-сентябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. Адистиги боюнча инженер-физик.

Билими: 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Андан соң, 1999-жылы  Түркиянын Стамбул университетинде Эл аралык мамилелер боюнча магистр академиялык даражасын, 2005-жылдары  “Эл аралык мамилелер” боюнча докторлук илимий даражасын алган.

Эмгек тажрыйбасы: Германияда аскердик милдетин өтөп, 1990-1992-жылдары ИИМдин 1-май күзөт бөлүмүнүн кызматкери, 1993-1994-жылдары “Кристал” ААКнын мастер-инженери, 1997-2005-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин Түркиядагы (Стамбул округу боюнча) өкүлү болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Стамбул университетинин илимий кызматкери, 2005-2010-жылдары “Er Komur Pazarlama, Madencilik, Turizm ve Tikaret A.S” компаниясынын инвестиция боюнча жетекчиси, 2010-2013-жылдары Кемерово шаарындагы “Сибоптпрофи” ЖЧКнын башкы директору болгон.

2013-2016-жылдары “Филиз” ЖЧКнын башкы директору; 2016-2017-жылдары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, 2017-жылы 3 ай Ош шаардык жашылдандыруу жана чарба комбинатынын башчысынын орун басары, 2017-2019-жылдары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн сектор башчысы, 2019-жылдан ушул күнгө чейин Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болчу. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эске салсак, буга чейинки вице-мэр Нурбек Кадыров Японияга окууга кетип жаткандыгына байланышту кызматын тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости