www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында мектеп окуучуларынан коронавирус аныкталды

Ош шаарындагы «Жетиген» менчик мектебинин 3-классынын окуучусунан COVID-19 вирусу аныкталган. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, илдет кызга атасынан жуккан.

«Бир үй-бүлөдөн төрт кишиден чыкты. Эки кызы шаардагы «Олимп» жана «Жетиген» мектептеринде окушат экен. Атасы вируска Бишкектен кабылып, кийин үй-бүлөсүнө жуктурган. Учурда бул кыздар окуган мектептерге барып, тийиштүү санитардык зыянсыздандыруу иштерин жүргүздүк. Эки мектепте тең кыздар окуган класстар эки жумалык карантинге жиберилди, алар үйдөн онлайн окушат. Балдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү толук биздин көзөмөлүбүздө болот».

Бул маалыматты «Жетиген» мектебинин директору Зайнидин Момунов да ырастады. Анын айтуусунда, кыз өткөн жумада ооруп калып, үйүндө дарыланып жаткан. Аны менен чогуу окуган классташтары да эки жумага обочолонууга жиберилген.

«Жетиген» мектебинде 900 бала окуйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте да коронавирус балдарга жукканы лабораториялык жактан тастыкталган.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти. Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости