www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында салынып жаткан тез курулуучу, жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады. Бул тууралуу Архиктертура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган оорукана 100 орунга эсептелген. Аны курулушу быйыл 28-июлда башталган. Азыркы тапта анын курулушуна 62,5 млн сом кеткен.
“Буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн, 1 жана 2-чи дарылоо блокторунун курулуш-монтаж иштери бүткөрүлдү. Жылуулук системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Ошондой эле эшик-терезелер, өрт сигнализациясы орнотулуп, ички жасалгалоо жана кафель чаптоо жумуштары бүткөрүлдү. Учурда брусчатка төшөө, жарыктандыруу жана оорукананын тегерегин тегиздөө иштери жүрүүдө”, – деп билдирет аталган агенттик.
Агенттиктен белгилешкендей, ооруканага керектүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынып, учурда кычкылтек берүүчү борборлоштурулган система орнотулуп жатат.
Булак: NazarNews.kg