www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 26-сентябрында ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын №109 Өрткө каршы куткаруу-бөлүгүнүн башчысы Райбердиев Абдимомун Исрайилович дүйнө салды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Райбердиев Абдимомун Исрайилович 1961-жылды 20-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган.
1979-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы “Россия” атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1979-1981-жылдары чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1981-жылы Армиядан кийин Ош облисполкомунун ИИБнын Ош шаардык №2 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүсү кызматына кабыл алынган.
1990-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун РИИБнүн Мамлекеттик өрт көзөмөл инспекциясынын инспектору кызматына дайындалган.
1993-1994-жылдары Ош облусунун ИИБнын Өрттөн сактоо бөлүмүнүн Жаны-Арык айылындагы Ош тамеки ферментациялык заводун коргоо боюнча №20 Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында иштеген.
1994-2017-жылдар аралыгында Ош, Баткен , Жалал-Абад облустарындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмдөрүндө жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарда иш алып барып келген.
2017-жылдан 2020-жылдын 26-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын №109 Өрткө каршы куткаруу-бөлүгүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.
Кыргыз Республикасынын ӨКМнын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кынтыксыз кызматы үчүн медалынын бардык даражалары менен сыйланган.
Абдимомун Райбердиевдин артында үч кыз, бир уулу калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Булак: NazarNews.kg