www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын куралдуу күчтөрүнүн жаракат алган жана каза болгон аскерлеринин саны 550гө жетти. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө Армениянын 22 сооттолгон машинасы, 15 "Оса" зениттик ракеталык комплекси, 15 учкучсуз учагы, 8 артиллериялык түзүлүшү жана ок-дары сакталган кампасы дагы жок кылынганы айтылат.

Ошондой эле Баку өзүндөгү жоготуулар боюнча армян тарап айтып жаткан билдирүүнү четке какты. Буга чейин Армениянын коргоо министри Арцрун Ованнисян Азербайжан 200 аскерин, болжол менен 30 танк жана бир сооттолгон техникасынан айрылганын билдирген.

Ереван өзүндө дагы жоготуулар болгонун маалымдаган. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Шушан Степанян 16 аскер каза таап, 100дөн ашууну жарадар болгонун айткан. Ал эми таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президенти жарадарлар менен өлгөндөр ондоп саналарын кабарлады.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат.  Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости