www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиум тууралуу түрдүү пикирлер көп айтылды. Кээлери анын кереги жок болчу дешти. Айрымдары баасы кымбат экенине карабай сапатсыз жасалганын айтышты. Дагы бир даары подиумга коротулган 16.5 миллион сомго 3-4 чакырым жол курса, же бир нече тез жардам унаасын сатып алса, же бир бала бакча курса болорун эсептеп чыгышты.

Мэрдин ишин жактаган тарап болсо подиум шаарга көрк берет, туристтерди өзүнө тартат, маданий иш-чаралар өтчү жай болот деп ишендирип атышат.

Менин пикиримде Ак-Буура дарыясына андай подиумдан бир эмес, онду, керек болсо жүздү курса аз болот. Ак-Буурага подиум эле эмес, ачык жеңил типтеги, көркөмдүү кафе рестарандарды да ачууга жол берсек жарашат. 
Ак-Буураны бойлоп жөө баса турган аллеяларды, каалаган жерде отуруп эс ала турган отургучтарды, сууга чумкуй коё турган ачык, кенен жайларды, ачык кафелерди, уюштурсак кана.

Ош мэри Кадырбаев демилгелеп, Орусия грантынын эсебинен 16.5 миллион сомго курулган подиум тууралуу наразы пикирлер жөндүүдөй. Менин жеке баамымда да ал туура эмес жерге курулган деген сөздөр жөндүүдөй. Дегеним, эл эс алуучу, шоулор көрсөтүлчү подиум автоунаа жүрүүчү чоп-чоң эле көпүрөөгө дээрлик жанашып турат. Ал аз келгенсип эл эс алат деген подиумдун үч тарабы автоунаа өтүүчү жол. Автожол менен подиумдун аралыгы кадимки 2 метрлик тротуар.

Эгерде шаар бийлиги чындап эле жөө адамдарга камкордук көрүүнү кааласа эки көпүрөөнү жанаштырбай подиумду жок дегенде 200 метр ылдыйрака курса эптүү болмокпу дейм.

Экинчиден, подиум маданий иш-чаралар үчун курулду десек, анда дарыянын жолдон алыс турган, жээги кенен, калктуу районго жакын жерине курсак куп жарашмак. Анткени Борбор Азияда жок деп аткан азыркы подиумубуздун турган жери тар. Үч тарабы автоунаа жолу болсо арты дайра. Массалык иш-чара өткөрүүгө абдан ыңгайсыз кысылыш жайдан орун алган. Подьюмдун сахнасы гана болбосо, көрүүчүлөр туруучу жайынын эни араң 3 метрге жетет. Шаар тургундары тек гана дарыяга суктанып эс алуусу үчүн курулду дегенге да туура келбейт, анткени подиумдун эки канатынын биринде да отургуч жок.

Үчүнчүдөн, подиумдун сапаты абдан начар болгон деген сөздөргө мен дагы ынанып турам. Курулуштан көп акча уурдалды деген пикирлер ынанымдуудай. Кымбат эле күнгө күйбөгөн, сууктан коркпогон пол кагылды деген менен, жыл айланбай алып, ал полдору жарылып баштаган. Жаракаларды жабууга баягы эле беш сомдук скоч жардамга келген.

Долбоордогудай көзду кубанткан курулуш болбогонун шаар башчы өзү деле көрүп аткандыр. Анткени андагы сапат мэрдин эмес көрдүн көзү менен караганда да көрүнүп калып атпайбы кашайып.

Мисалы: ал курулушка 200 тонна цемент кеткен күндө дагы шагал-ташы менен кошкон баасы 1.5 млн сомдон ашпас. Макул, даяр бетонду сатып алды дейди. 300 куб даяр бетон коротулсун. 300 куб даяр бетондун бир кубу 6 миң сомдон болгондо жалпысы 2 млн сомго жетпейт. 300 куб бетон деген 3 фуранын (тягач) көлөмү менен барабар болот.

Эми анын темирлерин, бетондун ичине шыкалган арматураларын эсептеп көрөлү. Ашып кетсе 1 млн сомдук арматура колдонулгандыр. Ал эми подиумдун тосмолоруна, сахна тарабындагы ийри түтүгүн жасоого майда чүйдөсү менен кошуп, бар ана деп, дагы 2 млн сомдук темир коротолу. Уста акысын да 2 млн деп ашыра санайлы. Ошондо деле араң 7 миллион сом болуп атпайбы. Андан сырткары полун, краскасын, жарыктандыруусун жана алык-салыктарын кошуп, дагы 3 миллион сом чыгымдаганда деле 6 миллион сом артып атпайбы?

Ошентип, марттык менен ашыра санаганда деле 10 миллионго араң жетти. Балким Ыдырыс курулуш боюнча адис эмес дээрсиңер. Бирок мындагы ашыкча чыгым же сапатсыздык көргө да көрүнүп турат.

Болбосо салыштырып көрөлү. Менин угушума караганда Оштон 300 чакырым алыста турган Чоң-Алай районуна 8 млн сомго 120 орундуу, эки кабаттуу, типтүү бала бакча бүт эмеректери менен курулуптур. Же бул подиум ошол эки кабаттуу 120 орундуу бала бакчадан чоңбу? Эмнеси кымбат?

Дээрлик транспорттук чыгымы жок, Ош шаарынын борборундагы жерге жүз адам кенен батпаган, бир да адам отура албаган подиумдун курулушуна 16.5 миллион сом кетти дегенди менин акылым кабыл албай турат. Кечирип койгула.

Менин ал подиумду жактырган же жактырбаганымдан азыр эч нерсе чечилбешин жакшы түшүнөм. Бирок эл, шаар тургундары кайсыл каражат, кайсыл жакка, кандай коротулуп атканын билип турууга, жок дегенде шектенгенге, ишенбегенге, наразы болууга акысы бар деп ойлойм.

Ошол акымдан пайдаланып, шектенүүмдү айтып отурам. Урматтуу эл жакшылары, курбагыла эмес кургула! Бирок ошо курулуштан уурдабагылачы!

Ыдырыс Исаковдун Фейсбук баракчасынан алынды.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1663418763746422&set=gm.2054727254779491&type=3&theater

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости