www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-август күнү Өзгөн шаарынан Ош шаарын көздөй келаткан жеңил автоунаа жолдун четиндеги жүк ташуучу автоунааны сүзүп, эки жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматыбилдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылгандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн дагы эки киши 6-августта көз жумду. Бир жүргүнчү оор абалда ооруканада жатат.

Алдын ала алынган  маалыматтарга караганда «ВАЗ 2107нин» айдоочусу уктап кетип, жолдун четиндеги «SCANIA» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Окуя болжол менен 5-августта эртең мененки саат бештер чамасында Бишкек-Ош автожолунун 663 чакырымында болгон.

Кырсык Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Тиешелүү техникалык жана соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости