www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын эли бир сутка бою ичүүчү суусуз калды. 13-августтун таңкы саат 5тен тарта Ош шаарынын тургундарына таза суу берүү убактылуу токтотулган. Буга Папан, Карагур айылдарында жүргөн селдин айынан Ак-Буура дарыясынын ылайкаланышы себеп болгон. Мындан улам ичүүчү суу шаардын “Курманжан Датка”, “Манас Ата” кичирайондоруна, “Достук”, “Калинин” жаңы конуштарына гана берилип, калган аймактар суусуз калган. Мындай абал бир сутка бою созулуп, дарыянын суусу тазаланган соң, бүгүн таңкы саат 6дан баштап суу берүү кайра калыбына келтирилди.
Шаар тургундарынын эл эки күндөн бери суусуз отурганын айтып кайрылышканда, Ош “Шаарсууканал” ишканасы “Ак-Буура дарыясы тунуганда берилет” деп жооп бергени тургундардын кыжырын кайнаткан.
Булак: NazarNews.kg