www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри мектептерди ысык тамак менен камсыздоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов БУУнун Кыргызстандагы бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Жыпара Эргешбаева менен жолугушту. Жолугушууда жаңы окуу жылынан тарта Ош шаарындагы эки мектеп ысык тамак менен камсыздала тургандыгы айтылды. Аталган программа боюнча камсыздалган мектептер түрдүү азык-түлүк менен камсыздалып, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз иштешет.
Жыпара Эргешбаеванын айтымында, Ош шаарындагы эки мектеп менен гана чектелбестен, 2019-жылы Курманжан Датка мектебин да киргизүү аракеттери жүрүп жатканына токтолду.
Кыргызстанда 2013-жылдан тарта ысык тамакты оптималдаштыруу долбоору ишке ашып, мектептердин ашканалары жаңылана баштаган.
Булак: NazarNews.kg