www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Тилек Матраимовду күнөөлөп, Бишкекке жөө жүрүш жасаган жарандар Ош шаарындагы белгилүү жер басып алып, кымбат баада саткандар, - дейт NazarNews маалымат агенттигине ишенимдүү окурман.

Ага кошумча, бул адамдар талаш жерди 2020-жылы сентябрь айларында эч бир документи жок эле басып алышып, кичинекей үйлөрдү курушкан. Папан айыл өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда дээрлик баардыгы үйлүү жайлуу, кээ бирлери мамлекеттен төрттөн, бештен жер тилкесин алып, бирок кайра кымбат баага сатып жиберишкен.

Азыркы жер тилкелерин дагы басып алышып, “тийиштүү документи бүткөндө кымбатка сатабыз”, деген план менен басып алышкан. Баардыгынын башка жактарда үйлөрү болгондуктан, азыркы бузулуп жаткан үйлөрүн жерди ээлеп эле туруш үчүн салышкан. Бири дагы ал жерлерде жашашпайт. Так ушул жөө жүрүш жасаган адамдар 12 үй-бүлөө, 5 жылдан бери уюшуп алышып жалган-жалаалар менен миңдеген адамдардын тынчын алууда. 2021-жылдын апрель айында ушул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, алардын уюштуруучусу Суйумкан Абытова камакка алынган.

Тилекке каршы, бир ай мурда Кара-Суу райондук сотунун судьясы Гуламидин уулу Элчибек баш коргоо чарасын өзгөртүп камактан чыгарган. Абытова Суйумкан чыгып эле дагы кылмыш кылып, бирөөнүн кеңсесинин эшиктерин талкалап кирип, ичиндеги буюмдарын уурдап кеткен. Дал ушул күнгө чейин Ош шаарындагы укук коргоо органдары  тийиштүү чара көргөн жок. Андан тышкары ушул адамдардын ар биринде, экиден, үчтөн кылмыш иштери бар. Алар тергөөчүлөрдүн шалаакылыгынан жоопко тартылышпай кайра-кайра кылмыш жасап атышат. Талаш жерге Матраимовдордун эч кандай тиешеси жок. Себеби, ал жер карапайым эле адамдарга үлүшкө берилген жер, алардын жашыл китеби бар. Жөө жүрүшкө чыгабыз дегендер, “уурусу кучтуу болсо ээси доого жыгылат” демекчи, өздөрү жер басып алып, андан да тышкары бир нече кылмыштарды жасашып, башкаларды күнөөлөп, жоопкерчиликтен качуунун амалын жасап жатышат. Жакында ушул уюшулган топ, жактоочуну көпчүлүк болуп сабашып, колун сындырып салган  - дейт ишенимдүү булак.

Эске сала кетсек, бүгүн, 1-октябрда Ош шаарындагы белгисиз жарандар, Тилек Матраимовду далилсиз күнөөлөп, Бишкекке жөө жүрүш жасай тургандыгын айтып жар салып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости