www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-октябрда экс-депутат Мээрбек Мискенбаев президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасаган. Мискенбаев Кайрылууда, “Атамбаевге күн бүркөлсө эле кылмыш ишин козгой берип анын кадыр-баркын, колдоочуларын күн, саат санап көбөйтүп жатасыңар (реабилитация). Бул кетиште, түрмөдө отуруп чыгуу керек деген салтка айланган эреже боюнча кийинки президент Атамбаев болгону калды” – жазган. Ага журналист, Баяна Кулова жооп катары төмөнкүчө пикирин калтырды.

--Атамбаевдин Мээрбек Мискенбаевге окшогон жетим жүгүрүктөрү аз аздан бекинип жаткан жеринен чыгып Садыр Жапаровго өлкө туңгуюукка баратканын айтып, аябай акыл үйрөтүп жатышат... Каяша жазсаң өчүрүп салып тим эле...

Так, Мээрбек мырза, сиздин андай каяшага такыр эле акылыңыз жетпейт эле, катасыз сонун кылып постту ким жазып берип жатат? 2 жыл парламентке депутат боло албай, төө десе бээ деп, балдардын жөлөк пул маселеси каралып жатса, Текебаевди жазага тарталы деп Төрагадан кагуу угуп, депутаттар каткырып, анысы аз келгенсип айыл-чарба маселеси менен талашып тартышып атышса капталдан чыга калып Атамбаевди мактап... адашкан козудай жүрүп акыры парламенттен ит кууган мышыктай эле кеттиңиз...

Эми Садыр Жапаровго акыл үйрөтүп Атамбаевди мактап жактап, тигини муну жазага тарт дегендеби... убадаларың аткарылбайт деп аябай ажылдапсыз.... Силер берген СДПК берген убаданын аткарылганы кана? Өзүңөр эмне бейиштей өлкөнү өткөрүп бердиңер беле?

Туш тараптан кошуналар менен кырылышып жада калса Орто Азия боюнча эч ким каяша айтпаган Назарбаев менен ажылдашып, Түрктөр менен мамиле солгундап, кытайлар коколоп карызды укмуштай чоң пайыз менен берип бизди шылдыңдап...

Ошолордун баарын араң жөнгө салып бүткөндө бийлик алмашып кетти. Баш көтөрө албай жүрүп эми тирилип калдыңарбы? Силер Жапаровдун убадаларын коюп өзүңөрдү карагылачы! Кудайды кантесиңер! Экинчиден, Атамбаевдин ошончо кадыры болсо эл бир минут карап турбай түрмөдөн сууруп алмак! 5-6 жалданма ажаандарыңар сотко барып эле кыйкырып койсо сүйүнүп атасыңарбы? Элди коюп өзүңүз Кыргыз көмүр, апрель баатырларынын акчасын жегениңиз боюнча качан жооп бересиз? Убада демекчи...

Баш аягы жыйналбаган үйдөй болгон өлкөнү кароо ошончолук оор, Атамбаев жакшы болсо жүрөт эле го арабызда. Атамбаев Садыр Жапаровго кандай гана кордук көрсөткөнүн унутуп калдыңарбы?..же эскертип коёлубу?

Дүйнөдө Атамбаевдей Жапаровго жамандык жасаган саясатчы жок болуш керек. Так ушул ситуациялар болуп атканда мен парламентте элем. Кутурган иттен жаман кутуруп, журналисттер Садыр Жапаровду колдогонубуз үчүн көп нерседен чийип салып, куугунтуктап, ачык да жабык да баардык эшиктер биз үчүн жабылып...деги койчу кылбаган кылыгыңар калды беле…

Дагы убадаларың кана деп кекетип коёт өлкө башчысын. Ишиңер болбосун! Атамбаев олтурсун түрмөдө. Болду чекит! Анын күнөөсү башындагы арам түгүнөн көп! Кийинки президент Атамбаев болбойт эч качан! Кудай сактасын! – деди журналист Баяна Кулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости