www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Качкын агай, Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү үйүн «МИК» ААКсына өткөрүп берди. Эми бул саамалыкты улантышабы?

-Садыр Жапаров үлгү болгонго аракет кылып, өз үйүн«МИК» ААКсына  берди. Кыргызстанда миллионер, миллиардерлер көп. Ошолор да ашыкча үйүн президенттен үлгү алып,  жардамга муктаж, жетишпеген үй-бүлөлөргө берсе жакшы болмок. Мисалы,  үй салган фирмалар, бизнесмендер мындан ары бул жакшы саамалыкты улантышса эл үчүн да, карапайым адамдар үчүн да пайдалуу болмок. Айтайын дегеним, 12 кабат үйдү салып, мугалимдерге же жакырларга, врачтарга берсе, элдин эсинде калып, алкышка татымак. Ошондой эле, жеп-ичип, мамлекеттин эсебинен байыгандар дагы бул саамалыкты улантышса, кудайга да жакмак. Элдин да батасын алмак.

-Садыр Жапаровдун үйү кимдерге берилсе дейсиз?

-Кыргызстандын өнүгүшүнө илимдүү, билимдүү адамдарга же мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, завод кургандарга “нобель” сыйлыгындай кылып беришсе да жакшы болмок деген ойдомун. Мүмкүн ал үйдү сатып, 10 үй бүлөнү да үйлүү кылган туурадыр.

Последние новости