www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизсе, каржы көзөмөл мекемесинин көз карандысыздыгын жоготуп, валюталык кризис жаратабы?

- Улуттук банк өзүнчө эле жабык мекеме болуп алган. Өздөрү жазып алган мыйзамдар менен каалагандай жашап келишет. Эң негизгиси сомдун курсун кармай алышкан жок. Жыйынтыгында бардык валюталарга карата паритет жоголду. Тышкы карыз да ушул себептен көбөйдү. Кыскача айтканда, Улуттук банк  бирөөлөрдүн жемканасына айланган. Алар экономика үчүн да, коом үчүн да эч нерсе кылыша элек. Өздөрү үчүн гана иштеп  келишет. Ошон үчүн жаңы мыйзам керек. Азырынча Улуттук банктан Кыргызстанга  бир грамм пайда келе элек. Алардын айлыктарын, соцпакеттерин жан адам билбейт. Аларга караганда УКМКны  эл көбүрөөк билет.

- Депутаттар финтехти сунуштап жатышат го, анын кыргыз экономикасына кооптуулугу жокпу?

- Ал эч кандай жаңылык, эч кандай коркунуч алып келбейт. Ал жерде өмүр бою иштеген топ бар. Алар эле, дагы эле күнүн көрүшөт. Абдыгүлов не жасады, мисалы үчүн. Марихуана болсо жакшы болот дегенинен башка. Бул чоң саясат.

- Кандай уюшкан топ?

-Мисалы, ал жерге Бөкөнтаев кайра пайда болдубу убакыт өтсө, ошол эле Абдыгулов келе берет. Улуттук банктын  бир процентке алган кредиттерин он эсе жогору тараткан жылдар болгон. 2015-жылдары доллар 50 сомдон 76 сомго  чыккан. Кийин 69 сом  болду. Мына ушул эле курстун айырмасынан 3 млрд. сом пайда тапканын  жазышкан. Керек болсо ал жерде 30 сом, 17 сомдук курс менен алынган валюталар жатат. Бүгүн 85 сатып, кыйраттык деп келишет. Интервенция дешет. Интервенциясын кайсы комбанктар алат. Интервенциясы бир тыйынга түшүрө алдыбы сомду. Ошондуктан интервенция кылса масштабдуу кылыш керек.

Последние новости