www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиргендей, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында бул коомдун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Баш прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“корруция”) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары коомдун мурдагы жетекчиси Д.Д.И., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости