www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Жогорку Кеӊеште Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну («Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору) жана «Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору боюнча гранттык макулдашуу каралып, үчүнчү добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, бул долбоорлор электр энергия менен камсыздоо тармагынын электр чубалгыларын жана трансформаторлорун жаңылоо, жаңы үлгүдөгү АСКУЭ эсептегичтерди сатып алуу жана орнотуу, электр тармактарын калыбына келтирүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 4 миллион евро көлөмүндө 1 пайыз үстөгү менен насыялык каражат жана 1 миллион евро гранттык каражат жана 850 миӊ евро гранттык техникалык жардам бөлүп берет. Насыялык каражат «Ошэлектр» ачык акционердик коомун рекредиттөөгө жумшалгандыктан, республикалык бюджетке күч келтирилбейт.

Улуттук энегохолдингдин өкүлү насыя каражаты негизинен «акылдуу» эсептегичтерди орнотуп, электр энергиясын техникалык жана коммерциялык жоготууну кыскартуу эсебинен жабыла турганын билдирди. Ал «акылдуу» эсептегичтер бир бир типте жана бир стандартта болуп, алар бир ишкана тарабынан тендер аркылуу сатылып алына турганын кошумчалады.

Эске салсак, бул келишим өткөн окууда талкууланып жатканда, Дүйшөнбек Зилалиев 2018-2020-жылдары электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлө турганын билдирген. Анын айтымында, Кыргызстанда электр наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан болгондуктан, анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет. Ансыз электр тармагын талаптагыдай күтүү кыйын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости