www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгерлери пружина жутуп алган 5 жаштагы Элибайдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Оорукананын директорунун орун басары Жыргалбек Кадыровдун айтымында, оор абалдагы бала Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнөн 21-июль күнү алынып келген.
Пружинаны алган дарыгер Элмурат Эркуловдун билдиришинче, пружина баланын өпкөсүнө сайылып калган.
«Өпкөсүнүн каналы шишип, ириңдеп кеткен. Келгенде абалы оор болчу. Бүгүн, 30-июлда пружинаны ийгиликтүү алып чыктык. Баланын абалы жакшы, наркоз тарап жатат», - деди дарыгер.
Булак: NazarNews.kg