www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы  Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына атайын ишембиликке  чыгышып, аны эмгек майрамына айлантты. Анткени уюшкандыкта уланган ишембиликте өздөрүнүн демилгеси менен катышкандар көтөрүнкү маанайда эмгектеништи. Алар аталган жогорку окуу жайдын короосундагы гүлзарлардын астын  чаап, жумшатып, жапайы чъптърдън тазалашты. Бак-дарактар акталып, иретке келтирилди. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди

Жеңиш майрамын өзгөчө тазалык менен көтөрүнкү маанайда тосуп алабыз, -дейт ОшМЮИнин ректору юриди ка илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Чындыгында институттун студент жаштары Ош шаарынын Манас ата кичи районундагы Исхак  Разаков, Уркуя Салиева атындагы көчөлөрдүн жээктериндеги арыктарды, тратуарларды тазалап, таштандылардан арылтты. Гүл көчөттөрүнүн астыларына жөөк ачып, сугарууга даярдап коюшту. Алардын уюшкандыкта аткарган эмгегинин натыйжасында кичи райондун аймагы көркүнө чыгып,  шаардыктарга жана келген конокторго жылуу сезим ыроолоп, майрамдык маанай тартуулоодо.

«Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген демилге менен чыккан институттун жамааты ишембиликти мындан ары уланта бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости