www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда элдик революцияга арналган жумалык башталды. Бул жумалык аталган жогорку окуу жайдын ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторовдун жетекчилигинде түзүлгън атайын программанын алкагындагы түрдүү иш чаралар менен коштолууда. Жуманын алгачкы күнү 7-апрель-Элдик революцияга арналган ачык сабактар менен башталды. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирди.

Анда окутуучулар студенттерди Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин «Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү» Жарлыгы менен тааныштырып, айрыкча Апель революциясынын тарыхый мааниси жана ээлеген орду  боюнча кеёири маалымат беришти. Ачык сабактар жараянында студенттер өздөрүнүн Элдик революция боюнча кызыктырган түрдүү суроолоруна жооп алышты.

Мындай иш-чаралардын уюштурулуп турушу жаштарыбыз үчүн илимий жана тарбиялык мааниси чоё-,дейт ОшМЮИнин ректору Э.Токторов.

Эми мындан ары жумалыктын ар бир күнү жогорку окуу жайдын факультеттеринде 7-апрель-Элдик революцияга арналган  тегерек стол, илимий конференциялар, тарыхый китептердин көргөзмөсү студенттер жазган дилбаяндардын конкурстары менен  уланмакчы.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости