www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күтүүсүздөн жүз берген табигый кырсыктан жапа чеккен Өзгөн жана Чоң-Алай райондоундагы мекендештерибиздин кайгы-капасын тең бөлүшкөн Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты да жардам колун сунду. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.
Аталган жогорку окуу жайдын ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов баш болгон ректорат, декандар, бөлүмдөрүн башчылары эки күндүк эмгек акысынын суммасын Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктан зыян тарткандарга жардам үчүн ачылган атайын эсебине которушту. Ал эми профессордук-окутуучулар курамы, жардамчы персоналдар айлык маянасынын бир күндүк суммасын ушул эсепке өткөрүп беришти.
Булак: NazarNews.kg