www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат.
Андыктан жогорудагы белгиленген иш-чараларга ылайык, Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Төмөндө чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:
10-апрель күнү Ош шаарында;
11-апрель күнү Араван районунда;
12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
13-апрель күнү Ноокат районунда;
14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коомдук тартипти көзөмөл кылып, жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.