www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын 2013-жылы туулган тургуну Ибрагим ѳзү жашаган Кулатов кичи шаарчасындагы кѳп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетти. Ашкананын терезесинен кулаган бала оор жаракаттан ооруканада каза болгон.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 23-январь күнү саат 15:50 чамасында болгон. Ошол учурда баланын атасы жумушунда болсо, апасы бала бакчага кичүү кызын алуу үчүн кетип, Ибрагим жалгыз калган. Коңшуларынын айтымында, Ибрагимди ашкананын ачык турган терезесинен кѳрүшкөн, бирок кырсык тууралуу эч ким ойлогон эмес.

Окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы териштирип жатат.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости