www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто 8 айлык бала 10 миллиметрлик ийнени жутуп алып, дарыгерлер аны бронхоскоптун жардамы менен алып чыгышты. Бул тууралуу Балдар клиникалык ооруканасынан маалымадашты.
Маалыматка караганда, окуя Ошто болгон. Анда 8 айлык бала 10 миллиметрлик, башында шурусу бар ийнени жутуп алып, ооруканага дем алуусу кыйындап, көгөргөн абалда алынып келинген.
Нөөмөттөгү дарыгерлер текшерген учурда ийне баланын өпкөсүнө кирип кеткендигин тастыкташкан. Кыска убакыттын ичинде дарыгерлер балага наркоз берип бронхоскоптун жардамы менен ийнени алып чыгышкан. Учурда наристенин абалы канаттандыраарлык деп айтылат маалымдамада.
Булак: NazarNews.kg