www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 8-март-Аялдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

"Жараткандын аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмуунун арттырган сүйүүнүн жана боорукердиктин улуу күчүн ыйгарган экен. Анткени, сиздердин ак пейилиңиздер, энелер мээримиңиздер, жан дүйнөңүздөр, сулуулугуңуздар, жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, келечекке ишенимди арттырат. Жашообуздун маңызы, тамыры, өсүп-өнүгүүсү жана келечеги эненин, жубайдын, кыз-келиндердин колунда деп билем. Эненин терметкен бешиги жер шаарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйнөнү гүл бакчага айланат. Кыргыздын көптөгөн кыз-келиндери эр жигиттерден кем калбай мекенди коргоодо жана мамлекеттүүлүктү сактоодо да арбын иш жасап, атасынын, жан шеригинин, ага-инилеринин ар дайым жанында болушкан"- деди Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылардын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланды. Ага 700дөн ашуун энелер катышып, белектерди тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости