www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 34 жаштагы А.Т. 11 жылдан кийин Россиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын 17-июнунда Араван райондук ИИБине Дадахан айылындагы пахта талаасынын жанында 25-30 жаштар чамасындагы аялдын денеси жатканы боюнча маалымат түшкөн. Милиция аял 2010-жылдагы июнь окуяларында курман болушу ыктымал деген версияны караган. Бирок кароо учурунда аялдын денесинен кыйноо белгилери байкалган. Соттук-медициналык экспертиза анын баш сөөгү менен кабыргалары сынганын аныктаган. Териштире келгенде маркум Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын каттоо департаментинде иштеп келген 1980-жылкы Алия Темирбаева экени аныкталган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2010-жылдын май айында криминалдык чөйрөдөгү адамдар ал аялдын үй алуу үчүн жеткен ири суммада акчасы бар экенин билип калышкан. Кылмышкерлер аялдын ишенимине кирип, 10-июнь күнү алдоо жолу менен эл жок жакка алып барышкан. Ага күч колдонуу менен коркутуп 10 миң доллар талап кылышкан. Бирок максатына жетпегендиктен алар аялдын алтын-күмүш зер буюмдарын тартып алып, өлтүрүп салышкан дагы, сөөгүн Кара-Суу районундагы каналга ыргытышкан. Маркумдун сөөгү бир жумадан кийин табылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында үч адам кармалган. Алардын бири 25 жылга (эркек), экинчиси 18 жылга (аял), үчүнчүсү (эркек) кылмышты жаап-жашырганы үчүн үч жылга соттолгон. Кылмыштын дагы бир активдүү мүчөсү изин жашырууга жетишкен. Мындан улам ага эл аралык издөө жарыяланган.

2022-жылдын январь айында Араван РИИБине издөөдөгү жарандын болжолдуу жүргөн жери боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Бул боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кабар берилген. Натыйжада 21-январда 34 жаштагы А.Т. кармалып, Москва шаарынын аймактык сотунун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости