www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү ЖМКларга чыккан судьялардын айлыгы тууралуу маалымат боюнча Жогорку сот түшүндүрмө берди.

Эске салсак, 30-январь күнү Финансы министрлиги соттордун негизги айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго көбөйгөнүн билдирген.

"ЖМКларда судьялардын болжолдуу маянасы 160 миң сомду түзөт деген маалымат кеңири тараганына байланыштуу тактоочу маалымат берүү зарыл деп эсептейбиз. 2021-жылдын 1-июлунан тарта эмгек акы жогорулагандан кийин судьялардын маянасы инстанцияларга жараша 46 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетет. Ага эмгек стажы, квалификациялык класс, белгилүү бир чектөөлөр болгон иштерди кароо, бийик тоолуу шарттарда иштөө сыяктуу ар кандай кошумча акылар белгиленген", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, райондук соттордо оклад 46 миң сом болсо, облустук сотто 49 миң сом, Жогорку сотто 51 миң сомду түзөт. Иш стажы боюнча үстөк акы ар бир судьянын тажрыйбасына жараша беш пайыздан 40 пайызга чейин болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости