www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда жаңы мунай кендери ачылды

Мангистау областындагы Узен кенинде кошумча чалгындоо иштеринин натыйжасында жаңы мунай кендери ачылган. Натыйжада мунайдын алынуучу запастарынын көбөйүшү 39,9 млн тоннаны түздү. Бул тууралуу «КазМунайГаз» ишканасынын сайтында маалымдалды.

Маалымдалгандай, углеводороддун корунун көбөйүшү компаниянын экономикалык көрсөткүчүнө олуттуу таасирин тийгизет.

«2017-жылы «КазМунайГаз» УК» ААК, «Өзенмунайгаз» ААК, «КМГ Инжиниринг» ЖЧКсы жана КМГ Инжиниринг Актау филиалынын геологдор тобу Өзөн кенин кошумча чалгындоо боюнча деталдуу программаны демилгелеген.

Бул программанын алкагында 2017-2021-жылдар аралыгында жогорку резолюциядагы 3D сейсмикалык изилдөөлөр (368 чарчы км) жүргүзүлүп, скважиналардын бардык запасы (7,5 миңден ашык) кайра интерпретацияланган, геологиялык концепция кайра каралып, геологиялык 3D модели кайра курулган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча кендин структурасы такталып, жаңы нефть кендери ачылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Өзөн кениндеги мунайдын запасы 8%га көбөйдү, бул сандык эсеп менен алганда 39,9 млн тоннаны түздү», - деп айтылат маалыматта.

Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын акырына карата көмүр суутектеринин такталган көлөмү Казакстандын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан баланска кабыл алынган.

Учурда кенди иштетүү долбоору жаңы резервдерди эсепке алуу жана аларды өндүрүшкө киргизүүнү пландоо менен такталып жатат.

Өзөн кени Казакстандагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү геологиялык кору бар ири кендердин бири. Бул юра-бор кендеринин терригендик бөлүгүндө топтолгон, татаал түзүлүштөгү көп катмарлуу кен, мунай жана газ кендери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости