www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны Украинанын чек арасынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

Бул чакыруу дипломатиялык жалгыз ишенимдүү жол экенин баса белгилеген Кулеба: "Чынында орус бийлиги согушту каалабаса, Орусия дипломатиялык алакасын улантып, Украинанын чек араларынан жана убактылуу оккупацияланган Украина аймагынан аскер күчтөрүн чыгарышы керек", - деди.

Кулеба ошондой эле Орусиянын согуштук аракетин токтотуу боюнча глобалдык аракеттерди жетектегени үчүн Британия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жекшем күнү Орусияга каршы санкциялардын кеңейишине байланыштуу билдирүү жасаган.

Украинага жакын жерде 120 000 аскери бар Орусия НАТОдон Чыгыш Европадан аскерлерин жана куралдарын чыгарып кетүүсүн жана Украинанын НАТОго кирүүсүнө каршы талабын койду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости