www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыстамбулда эркек киши турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн 28 жаштагы кыргызстандык кызга бычак менен кол салды. Бул тууралуу Түркиянын Haberler басылмасы жазды.

Окуя 17-январда Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон. Жерине полиция барып, мойну жана бети кескиленген 28 жаштагы кызды тапкан. Жанында Кадир аттуу 40 жаштагы эркек болгон. Ал кыз өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан.

"Кыз көзүмө чөп салдың деп мени күнөөлөп, уруш ошондон чыкты. Кийинчерээк ал жуунуучу бөлмөгө кирип, сыранын бөтөлкөсүн талкалап, өмүрүнө кол салуу үчүн өзүн кескилей баштаган. Мен анын артынан эле кирип, куткарууга аракет кылдым. Бирок мени жек көрөөрүн айтып, качты", — деген Кадир суракта.

Жабырланган кыз кишинин бул көрсөтмөсүн төгүндөгөн. Анын айтымында, ал Кадир менен үч айдан бери тааныш. Кыз ага турмушка чыгуудан баш тарткандыктан акыркы убакта экөө көп уруша баштаган. Окуя болгон күнү ушул эле маселе боюнча кайрадан чыр-чатак чыгып, эркек киши ага бычак менен кол салган.

Мекендеш журналисттерге - кол салган адам окуяга чейин анын паспортун алып алганын айтып, мындай жол менен күч колдонуп үйлөнүүгө аракет кылганын кошумчалаган.

Шектүүгө карата "Атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал камалып, кийинчерээк сыртка чыкпоо жана кыргызстандык кызга жолобоо тууралуу тил кат менен кое берилгени айтылды. Азыркы тапта мекендеш Ыстамбулдагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости