www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында өзүнүн баласын бала бакчада жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга камалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун ага карата мындай өкүмү 22-августта чыгарылган. Ал келин шаардагы бала бакчалардын биринде баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет кылып жаткан учурда башкалар байкап калып токтотушкан. Келин өзү ата-энеси аны мажбурлоо жолу менен күйөөгө бергендигин, кийин ажырашып кеткенин билдирген. Ата-энеси аны үйдөгү сиңдилерине туура эмес таасир берет деп кабыл албай койгон. Андан кийин баласын кризистик борборго берип, өзү иштеп жүргөн. Ошол күнү абдан катуу кыжалат болуп (нервный срыв) баласын өлтүрүп, андан кийин өзүнүн өмүрүн кыюуну каалаган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ош шаардык соту 1 жаштагы баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет кылган келинди 2 айга камакта калтырганы белгилүү болгон.

Наристе бала бакчанын кызматкерлери жардам бергенден кийин аман калган. Шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги адам өлтүрүүгө аракет жасоо (28-97-берене) беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон болчу. Шектүү келин кылмышка баруусун турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандары каралашпаганы, күйөөсү менен ажырашканы жана жокчулук жашоодон кыйналганы менен түшүндүргөн.

Андан кийин:

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева тумчуктурулган наристенин абалы жакшы экенин билдирген болчу. Анын айтымында, шектүү наристени никесиз төрөгөндүктөн үйүнөн кубаланган. Келиндин ата-энеси кызы менен небересинен баш тартышкан.

«Баланын абалы жакшы. Учурда реабилитациялык борбордо каралууда. Ал эми апасы 1 жыл мурун никесиз төрөп, үйүнөн кубаланган экен. Төрөгөндөн кийин реабилитациялык борбордо, андан соң «Ак-Жүрөк» кризистик борборунда жүрдү. Ал жерден үйүндөгүлөр турмушка беребиз деп алып кетишкен. Бирок үй-бүлөсүнө барганда да пикир келишпестик болуп, дагы качып келген. Андан кийин аталган кризистик борбордун жетекчиси аны бала бакчага жумушка орноштурган. Бала бакчанын кызматкерлеринин айтымында, шектүү баласын тумчуктуруп жатканда куткарып калышкан. Биз кыздын ата-энеси менен байланыштык. Кызынан да, небересинен да баш тартышты», - деген ал.

Ал эми «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова баланын апасына психологиялык жактан жардам көрсөтүлүп, жумушка киргизилгенин кошумчалаган.

«Төрөгөндөн кийин көчөдө калганда алып келип, психологиялык жактан жардам көрсөтүлгөн. Ата-энесин чакырганда бир да жолу келишкен жок. Агасы менен чоң апасы келгенде, "мени сүйлөтпөй, өлтүрүп коёт" деп туруп алды. Чоң апасына "мени 2 жолу өлтүрөбүз деп астыңар" деп сөз берген жок. Чоң апасы менен сүйлөшсөм, балалуу болгондон кийин үйүнөн кубалап жиберишиптир. Биз аны 2 жолу бала бакчага ишке орноштурдук. Биринчи бала бакчада иштегенде да ал жердегилер менен тил табыша алган жок. Ал эми экинчи бала бакчада иштеп жүргөндө баласын тумчуктуруп, идиштердин бардыгын талкалаптыр», - деген Асилбекова.

Булак: "Турмуш"

Последние новости