www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-июнда Ош шаарынын Кеңеш айылында табарсыгына темир сайылып калган 7 жаштагы М.Р. аттуу балага операция жасалды. Бул тууралуу жаш балдар ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, бала кечээ саат 14:00 чамасында дарактан жыгылып, табарсыгы тарабына катуу зым кирип кеткен. Жергиликтүү тургундар ӨКМдин кызматкерлерин жана тез жардам чакырышкан. Тез жардам кызматы аны саат 15:55 чамасында Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына оор абалда алып келген. Дарыгерлер баланы сынык жаракат бөлүмүнө жаткырып, жалпы наркоздун жардамы менен табарсыктын алдыңкы жагына сайылган жоон зымды чыгарышты. Учурда абалы туруктуу жана өзү эркин заара ушатып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости