www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын өкмөтү COVID-19 инфекциясынын алдын алуу үчүн Түркмөнстанга кошумча 500 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Ашхабаддагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, апрелде АКШ COVID-19 пандемиясынан коргонууга медициналык жардам катары Түркмөнстанга 920 миң доллардан ашык каражат берген.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы 20 жылдын ичинде Кошмо Штаттар жалпы суммасы 207 миллион долларды түзгөн эки тараптуу жана аймактык программаларды ишке ашыруу боюнча түркмөн өкмөтү жана жергиликтүү өнөктөштөрү менен кызматташып келет. Бул сумманын 21 миллиондон ашыгы саламаттык сактоо тармагындагы программаларга бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости