www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бороонду күнү бок кычайт” деген кеп бар. АКШда коронавирус менен ооругандар 2 миллионго чукулдап, жүз миңдеген адамдар ажал таап жатса, нааразылык акциялары күчөп жатат. Бир жумадан берки нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн афроамерикалык адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, моюнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети жаалданткан. Кошмо Штаттардын ондогон шаарларында коменданттык саатка карабай башаламандык уланып,  ал дүкөндөрдү, соода-сатык жайларын талап-тоноо, бүлдүрүү менен коштолду. Бир катар чиркөөлөр өрттөлгөн учурлар катталды. Мындай митингдерде бири –бири менен чукул тургандыктан вирустун тароо коркунучу жогору. Андан тышкары полициялар демонстранттарды көздөн жаш чыгара турган газдар менен кубалап жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости