www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чоң казат” кыймылынын лидери Максат Мамытканов ИИМдин тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу кыймылдын лидери өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

Документке ылайык, Мамытканов 3-июнга суракка чакырылган. Бирок, кандай маселе козголгону белгисиз. "Чоң казаттын" лидери дагы муну айткан жок.

Эске сала кетсек, буга чейин “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Канат Хасановду дагы милиция суракка чакырган. Аны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтин мыйзамдуу талабына активдүү баш ийбөөгө, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн” беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суралган. Бул иштин фигуранты Башкы прокуратуранын экс-кызматкери Сыймык Жапикеев.

Кубанычбек Жумалиев бул айыптоолорду четке кагып, шектүү иштерге катыштыгым жок деп Куранды кармап актанган эле. Ал экс-прокурорду 10 миллион сом доо менен сотко берген.

Кийинчерээк Финпол депутатка карата соттук териштирүү башталганын билдирди. Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында, депутатка катталган кыймылсыз мүлктү аныктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости