www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун оюнчулары АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойдду эскеришип, #BlackLivesMatter хэштегин (Кара терилүү адамдар жашоо үчүн маанилүү)колдоп чыгышты. Бул тууралуу  чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, англиялык клубдун оюнчулары "Энфилд" стадионунун борбордук тегерегинде тизе бүгүп, NFL (Улуттук футбол лигасы) оюнчусу Колин Каперниктин 2016-жылы полициянын теги африкалык адамдарга каршы жасаган мыкаачылыгына болгон нааразычылыгын кайталашты.

Эске сала кетсек, АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйнап өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бул нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген. Нараазычылык акциялары башаламандыкка айланып, мародерчулук башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости