www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында жол тандабас жол кырсыгын жаратты. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнда саат 00:30 чамасында шаардагы Темир-Жол көчөсүндө болгон. Анда 1988-жылы туулган Н.К. Лексус-470 унаасын башкарып келе жатып, жолдун четинде токтоп турган Лексус-470 (унаалардын үлгүлөрү окшош) унаасын сүзүп кеткен. Токтоп турган жол тандабастын айдоочусу 1984-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран экени аныкталды.

“Кырсыктын кесепетинен токтоп турган жол тандабас ордунан сүрүлүп, алдыда турган 3 жаранды сүзгөн. Андан кийин Лексус-470 унаасы жолдун четинде токтоп турган Дэу Матиз унаасын сүзүп барып токтогон. Денесинен жаракат алган жергиликтүү тургундар Шамалды-Сай аймактык ооруканасына жеткирилди”,- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости