www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кант” авиабазасы 2003-жылдан баштап Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргызстанда жайгашкан. 2019-жылы март айында Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен Кыргызстанга келген. Бул иш сапары учурунда Кыргызстан үчүн олуттуу көп документтерге кол коюлган. Ошолордун бири “Кант” авиабазасы боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Орусия ижара акысын 291 миллион долларга көтөргөн. “Кант” авиабазасы Орусияга сатылып кетти деген маалымат жалган экенин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тастыктап кетти. Учурда учуу тилкесинде ремонт иштери жүрүп жатат. Кыргыз парламенти “Кант” авиабазасы боюнча Келишимге болгон өзгөртүүлөрдү жакынкы отурумдарында карайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости