www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто баласына сыра ичире турганын айткан келин кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Tik Tok социалдык тармагында баласынын өмүрүнө коркунуч келтирип, сыра ичире турганын айткан 29 жаштагы келин кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сүлүктү шаарынын тургуну (Ж.Г.) экени, Ош шаарына 17-февралда тааныштарынын үйүнө келгени такталган. Келин Tik Tok түйүнүндө түз эфирден кызына жасаган мамилесин “күйөөсүн коркутуу үчүн кылганын” айтып берген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган келиндин аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп бергени кабарланды.

19-февралда Tik Tok'то келин түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын эсебине акча которбосо, наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Кыргызстанда буга чейин да балдарга зомбулук-зомбулук көрсөткөн чуулуу окуялар болгон. Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шек саналып жаткан келин 7-фервралда энелик укуктан ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости