www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Харьков облусуна кулап түшкөн Түндүк Кореяда жасалган ракетанын калдыктарынын арасынан КЭДРге таандык эмес 290 электрондук тетик табылды. Бул тууралуу кечээ, 20-февралда Британиянын конфликттик курал-жарактарды изилдөө боюнча бейөкмөт борбору (Conflict Armament Research, CAR) жарыялаган баяндамасында айтылды.

Бул деталдардын көбү АКШдагы, Германиядагы жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү компаниялар менен "байланыштырылышы мүмкүн" экени белгиленген. Британдык аналитиктер бул компоненттердин этикеткага ылайык, акыркы үч жылдын ичинде өндүрүлгөнүн белгилешти. Бул ракета бөлүктөрү 2022-жылдын февралында Украинада согуш башталгандан кийин гана Орусияга жеткирилиши мүмкүн дегенди билдирет.
«Бир жагынан алганда, бул Түндүк Корея баллистикалык ракетанын компоненттерин берүүгө тыюу салган эл аралык санкциялардан ийгиликтүү качууну улантып жатканын билдирет. Башка жагынан алганда, бул Түндүк Кореянын аскердик өнөр жайы чет элдик жеткирүүлөргө канчалык көз каранды экенин көрсөтүп турат ", - деп айтылат CAR отчетунда.

Талдоочулардын айтымында, сөз болуп жаткан компоненттер негизинен ракетанын навигациялык системасынын бир бөлүгү.

Маалымат үчүн айта кетсек, АКШ жана Германия баш болгон 50гө жакын өлкө КЭДРден Орусия Федерациясына баллистикалык ракеталарды жеткирүүнү, ошондой эле Орусиянын бул ракеталарды 2024-жылдын башында Украинага масштабдуу сокку урууда колдонгонун айыпташты. Владимир Зеленскийдин айтымында, ошол кезде орус аскерлери Украинанын аймагына 300дөй ракета жана 200дөн ашуун учкучсуз учактарды атып, 40тан ашуун киши набыт болгон.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Түндүк Корея Орусияга ракеталарды гана эмес, алар үчүн аткычтар менен да камсыздап жатканын айтты. Вашингтон Пхеньян Москвадан аскердик техниканы, анын ичинде согуштук учактарды, жер-аба ракеталарын, бронетранспортерлорду жана алдыңкы аскердик технологияларды алгысы келет деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости