www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 10-апрель күнү көчмө добуш берүүнүн тартиби бузулгандыктан беш участокто жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров ырастады.

«Биринде ашыкча бюллетень берип калган, дагы биринде тизмеде жок киши добуш берген. Көчмө добуш берүү 70тен ашуун шайлоо тилкесинде өткөн».

Ош шаарында 10-апрелде 1519 адам добуш берди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши шайлоого катышат.

Кыргызстанда бүгүн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өлкөдө 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости