www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто 3 тилкенин жыйынтыгы жокко чыгарылды

Токмок шаарындагы шайлоо тилкесинен тышкары көчмө урна менен добуш берүүдө 3 тилкенин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын атайын адиси Айгүл Идинова билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарында шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүгө 385 жаран арыз берген.

“Арыз бергендердин дареги боюнча барганда мыйзам бузуулар болгон. Көчмө урна менен барган учурда ден соолугуна байланыштуу делген адамдардын саламаттыгы жакшы экени аныкталып, аларга шайлоо тилкесине барып добуш берүү сунушталган, андан тышкары, айрым партиялардын жана талапкерлердин кийлигишкени белгилүү болгон”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Токмок шаарында жалпысынан 20 шайлоо тилкеси ачылган. 35 мандат үчүн 5 партиядан 295 талапкер ат салышууда. Анын ичинен аял талапкерлердин саны 100.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости