www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан сертификациялык иштерди жүргүзүү максатында Ош шаарына караштуу Арек айылынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан оор бетон аралашмаларын чыгаруучу заводго инспекциялык сапар менен барышты.
Көчмө текшерүүдө адистер өндүрүш процесси менен таанышып, андагы шарттарды жана техникалык коштоочу документтерди текшерди. Ошондой эле чыгарылып жаткан продукциянын белгиленген сапат жана коопсуздук талаптарына шайкештигин баалады. Мындан тышкары, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрү алынды.
Сертификациялык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн технологиялык жана техникалык стандарттарынын сакталышына талдоо жүргүзүлдү. Зарыл болгон учурда ишканага тиешелүү сунуштар жана көрсөтмөлөр жөнөтүлөт.