www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Талантбек Солтобаев дайындалганы коомчулукта ар кандай суроолорду жаратты. Буга чейин ал ушул эле тармакта орун басар болуп турган кезде Нарын шаарында салынып жаткан жолго байланыштуу иш боюнча айыпталган эле. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кармалганы да маалым болгон. Бул окуя былтыр, болжол менен жарым жыл мурда орун алган.

Ал учурда аны Камчыбек Ташиев карматканы айтылган. Бүгүнкү дайындоо ошондон улам коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

Кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болгон? Ал акталдыбы же иш токтотулдубу? Же болбосо, жетекчилик аны тажрыйбалуу жана татыктуу кадр катары бааладыбы? Бул суроолорго расмий түшүндүрмө берилсе, ар кандай божомолдорго чекит коюлмак.

Тиешелүү мекемелер бул боюнча ачык маалымат берсе туура болмок, деп жазат арыба.кж.

Последние новости