www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үм эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-августта Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Каратаева Гулжамал кош бойлуулуктун 33/2 жумалыгында Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Кыздар 1855, 1600 жана 1390 грамм салмакта төрөлүшкөн.
"Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гулжамал бир кыздын энеси болсо, эми төрт баланын энеси болду. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташты", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 13-сентябрда үч эм энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg