www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын медициналык таштандылары үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Пневмония жана COVID-19 менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан, саламаттык сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурлар даярдалды", — деп айтылат маалыматта.

COVID-19дан үй шартында дарыланып жаткандардын үйүнөн чыгарылган медициналык таштандылар үчүн контейнерлер Ош шаарынын төрт жерине коюлду.

Алар төмөнкү даректерге орнотулду.

Кулатов көч.,14 дарегиндеги үйдүн жанында;

Айтиев көч., 13 дарегиндеги үйдүн жанында;

"Семетей" кино театрынын жанында (ХБК);

Карл Маркс атындагы мектептин жанында.

Контейнерлерди "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы орноткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости